Калкка жылыткычтарды колдонууга тыюу салынганы жөнүндө маалымат туура эмес

18 ноябрь 2021 19:55 634 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттук энергохолдингдин калкка электр жылыткычтарын пайдаланууга тыюу салганы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт.Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын сактоо максатында жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздаш үчүн энергетикалык компаниялар белгиленген кубаттуулуктагы жылыткычтарды пайдалынып жатабы деп керектөөчүлөргө инвентаризация жүргүзгөн.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен электр энергиясын керектөө режимин бузган абоненттрдин электр суу жылытуучу мештерине пломба коюлган.

“Мындан тышкары социалдык түйүндөрдө көрсөтүлгөн Кадамжай районундагы пломба коюлган жылытуучу түзүм турмуш-тиричилик абонентиники эмес”,-деп кабарлашты ишканадан.

Ссылка: https://barometr.kg/kalkka-zhylytkychtardy-koldonuuga-tyyuu-salyngany-zhnnd-maalymat-tuura-emes



Добавить комментарий