Түркмөнстан Кыргызстанга 501,9 млн кВт саат электр энергиясын жеткирет

11 августа 2021 15:14 753 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.

Август айынан декабрь айына чейин Түркмөнстан Кыргызстанга 501,9 млн кВт саат электр энергиясын экспорттойт.

Жетишилген келишимге ылайык 9-августка чейин аталган өлкө 19,2 млн кВтч электр энергиясын Кыргызстанга жеткирди.

Мындан тышкары жаратылыш газын экспорттоо боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Келишимге Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев менен Түркмөнстандын энергетика министри (азыркы вице-премьер-министри) Чарымырат Пурчеков кол коюшкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/trkmnstan-kyrgyzstanga-5019-mln-kvt-saat-elektr-energiyasyn-zhetkiret



Добавить комментарий