Болгарияга кетмек болгон кыргыз кызы Стамбулдан дайынсыз болууда
Кыргызстандан Түркиянын Стамбул шаарына учуп барып, Болгарияга кетмек болгон кыргыз кызы дайынсыз болууда. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, дайынсыз болуп жаткан кыз 20 жаштагы Жазгүл Шамуратова.
Ал 2003-жылы туулган, шыңга бойлуу. Стамбулда тартылып калган видеодо: үстүндө кара майка, көк джинсы шым жана неондук жашыл түстөгү шлёпка бут кийимчен болгон.
“Ал 22-июнда Стамбулга учуп келип, автобекеттен (отогар) автобус менен Болгарияга кетмек. Бирок ошол күнү аны акыркы ирет Кадыкөй районунда көрүшүптүр. Апасына бир чоочун кишинин инстаграм баракчасы аркылуу жардам сурап жазган экен.
Апасы Аида эже Стамбулда көчөмө-көчө кыдырып кызын издеп жүрөт. Полиция издеп жатат.
Жазгүл Болгарияга келишимдик негизде бир фирма аркылуу бара жаткан. Фирма жана кабыл алчу тарап тууралуу маалыматты тактаганга аракет кылып жатабыз”, -деп жазылат кыздын жакындары жазган маалыматта.
Добавить комментарий ×