Нарындын 53 жаштагы тургуну дайынсыз болуп, дарыядан изделүүдө

14 ноябрь 2023 15:25 1874 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарын шаарынын 53 жаштагы тургуну дайынсыз болуп, дарыядан изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, бүгүн, 14-ноябрда Нарын шаарынын Шералиев көчөсүнүн 53 жаштагы С.В. аттуу тургунун издөөнү Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 куткаруучусу улантышууда.

“Учурда куткаруучулар.шаарды аралай аккан  Нарын дарыясынын жээктеринен,  аралдардан карап жатышат.

Белгилей кетсек, шаар тургуну 11-ноябрь күнү болжол менен саат 15:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон,  кайтып келбегендиги тууралуу маалыматты туугандары билдиришкен. Мындан улам кечээ, 13-ноябрда  жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Нарын райондук ӨКБдан 20 куткаруучу,  жергилктүү тургундардан 2 адам тартылган.

Издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/naryn-shaarynyn-53-zhashtagy-turgunu-dajynsyz-bolup-daryyadan-izdeld



Добавить комментарий