"Жарайт сити" долбоорунун актёру Нурсултан казак кызга үйлөндү
Бөлүшүү:
"Жарайт сити", "Эл эмне дейт?" долбоорлоруна тартылган актёр, сценарист, алып баруучу Нурсултан Курсанали уулу сүйүктүүсү Дианага баш кошту. Диананын кыз узатуу тою кечээ, 15-октябрда Казакстандын Талгар шаарында өттү. Диана казак улутунун кызы.
Эки жаштын үлпөт тою бүгүн 17-октябрда борборубуздагы тойканалардын биринде болуп өтөт.
Эске салсак, Нурсултан Курсанали уулу сүйүктүүсүнүн колун сурап, макулдугун алган.
Ссылка: https://barometr.kg/zharajt-siti-dolboorunun-aktyoru-nursultan-kazak-kyzga-jlnd
Добавить комментарий ×