Жапаров: Кумтөрдө 1996-жылдан бери 19 адам каза болгон

20 май 2021 11:18 1291 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кумтөрдө 1996-жылдан бери 19 адам каза болгон. Аталган маалыматты бүгүн, 20-майда "Кумтөр" алтын кени  боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында айтты. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

"1996-жылдан бери 66 адам майып болуп, 19 киши каза болгон. Биздин адамдардын ден соолугуна зыян келгенде, компаниянын жетекчилери күнөөбүз жок деп чыгып кетиптир. Учурда 2018-2020-жылы каза болгондор боюнча кылмыш иши козголду", - деди Жапаров.

8-майда “Centerra Gold” ишканага коюлган доолор негизсиз экенин айткан. Убактылуу тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, алар мыйзамдарды эч убакта бузбаганын кабарлаган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын, Октябрь райондук сотунун чечими менен мамлекеттин пайдасына аталган ишкана 4,2 миллиард доллар өндүрүп бериши керек.

16-майда кенди иштеткен канадалык “Centerra Gold” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

Эске сала кетсек, бүгүн, 20-майда Акылбек Жапаров "Кумтөр" боюнча маалымат жыйын берүүдө.



Ссылка: https://barometr.kg/zhaparov-kumtrd-1996-zhyldan-beri-19-adam-kaza-bolgon



Добавить комментарий