Жанар Акаев ачыкталган коррупциялык иштердин аягына чыкпай жаткандыгын айтып, өкмөт башчыны сындады

14 сентябрь 2018 13:35 1353 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Депутат Жанар Акаев көрүстөндөгү, музейдеги жана темир жолдогу коррупциялык иштер боюнча чара көрүлбөгөнү үчүн өкмөт башчыны жана укук коргоо органдарын парламенттик кеңеште сындады.

"Биринчиден, эмне үчүн Кыргыз өкмөтү, тийиштүү органдар бул иштерге көз жумуп жатат. Көрүстөндөгү коррупцияны ачыктагандан кийин Уланбек Эгизбаевге телефон аркылуу коркутуу болгон. Премьер-министр менен ички иштер министри ушул жерде отурганда Эгизбаевдин коопсуздугун сактап бергиле дегем. Көрүстөн саткандар Уланбекти коркутканда айткам. Күч органдары саясатчылардын чай ичкенин аңдыбай ушундай реалдуу коррупция менен күрөшүүсү керек эле. Экинчиден, музейдеги коррупциялык иштерди биринчилерден болуп Уланбек ачыктады. Күзөтчү отурган отургуч 100 миң сом экенин, жыгач устун 600 доллардан сатып алынганын Уланбек факты менен көрсөтүп бербеди беле? Ушул боюнча кимдер камалды, өкмөт унутуп калат деп ойлойбу? Дагы да жооп жок. Бир да киши жазаланган жок. Үчүнчүдөн, "Кыргыз темир жолундагы" коррупциялык системдин бетин ачып берди эле. Бул иштерге өкмөт башчы кантип бети чыдап отурат. Журналисттер коомчулукка алып чыккан маселелерди өкмөт тыгыз иликтеши керек", - деди Акаев.

Эске сала кетсек, темир жол боюнча башкы прокуратура кылмыш иши козголгондугун билдирген.  


Ссылка: https://barometr.kg/zhanar-akaev-achyktalgan-korrupciyalyk-ishterdin-ayagyna-chykpaj-zhatkandygyn-ajtyp-kmt-bashchyny-syndady



Добавить комментарий