"Кыргыз темир жолу" ишканасынын айрым кызматкерлери 2 млн. 649 миң 828 сом акча каражатын өз чөнтөгүнө салышкан
"Кыргыз темир жолу" улуттук ишканасынын кызматкерлерине коррупциялык иштер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, антикоррупциялык кызматтын УКМК менен биргеликте текшерүү учурунда 2018-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелине чейинки убакытта «Бишкек-Москва-Бишкек», «Бишкек-Новокузнецк-Бишкек» жана «Бишкек-Казань-Бишкек» каттамында мыйзамсыз билет сатуулар болуп, мамлекетке 2 млн. 649 миң 828 сом зыян келтирилген. Бул аралыкта болгону 4868 жүргүнчүнүн билеттери сатылып, калган 2874 адамдыкы мыйзамсыз түрдө берилген.
Аталган окуя боюнча КР 221-беренесине ылайык, "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы", 173-беренеге ылайык "Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү" беренелери менен кылмыш иши козголду.
Добавить комментарий ×