Жанар Акаев: Казакстандагы кыргыз мигранттары талап-тоноочулукка таптакыр жолобойт

10 январь 2022 14:58 5314 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кенештин депутаты Жанар Акаев Казакстандагы кыргыз жарандарына колдоо боюнча аракеттери тууралуу соцтармактан билдирди.

"Казакстандын бир нече шаарларынан жарандарыбыз азыр да кайрылууда, окуя болгон күндөн тарта эле биз ТИМ, күч органдары менен байланыш түзүп берип, коопсуздукту камсыздоо боюнча колубуздан келгенче аракетибизди жасап келатабыз. Урматтуу Казакстанда эмгектенип, жашаган мекендештер, кандайдыр бир маселе жаралса ушул телефондорго чалыңыздар деп ТИМ маалымат таратты, түндүк тарапта болсо элчиликке, түштүк тарабында консулдукка. Бүгүн эле Шымкенттеги жарандарыбыздын үйүнө чейин келип, суракка алган факты боюнча да ТИМге жана ИИМге жибердим.

Биздин мекендештер башка өлкөдө саясий ички иш-чараларга катышып, башаламандык, талап-тоноочулукка таптакыр жолобойт. Алар ак ниеттүүлүк менен өз жумуштары менен гана алек. Керек болсо Кыргызстандагы соңку ыңкылапта да бир дүкөн тонолгон жок. Ар кандай чагымчылдык аракеттен алыс болушса кошуна өлкөнүн тиешелүү органдары. Викрам Рузахуновдун окуясы буга далил, Викрам го атактуу музыкант болгону үчүн коомчулуктун көңүл борборунда болуп, биздин бийликтердин ыкчам аракети менен бошоду. Бирок азыр Викрам сыяктуу бейкүнөө айыпталып жаткан ар бир жараныбызды коргоп алуу милдети турат. Бир да жараныбыз жабыркабаш керек, бул үчүн өз ыйгарым укугубуздун алкагында аракетибиз токтобойт", - деп жазды Жанар Акаев.. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhanar-akaev-kazakstandagy-kyrgyz-migranttary-talap-tonoochulukka-taptakyr-zholobojt



Добавить комментарий