Жаман ой жанды оорутат
Адам баласы төрөлгөндө эле ак барактай таза болуп жаралат. А бирок турмуштун ар түрдүү тагдырына, кыйынчылыктарына туш болуп, улам барган сайын жаман ойлор аралай баштайт. Оюңузду жаман ойдон арылтып, жакшы нерселерди ойлонууга тырышуу үчүн психологдун кеңешине көңүл бөлүңүз.
1.Таңды жаркын маанай жана күлкү менен тосуп алыңыз.
2.Күнүңүз жакшы өтсүн десеңиз, бир жакшылык жасоо менен баштаңыз.
3.Адамдардын сизге айткан жаман пикирин жүрөккө кабыл албоого тырышыңыз.
4.Адамдар менен баарлашууда, алар менен жалаң жакшы сүйлөшүүгө аракеттениңиз.
5.Оюңуңуздагы жаман ойлордон арылуу үчүн, спорт менен машыгыңыз.
6.Сиз канчалык санаага баткан сайын, сиздин ден соолугуңузга зыян алып келет.
7.Ар дайым күлүп жүрүңүз, анткени күлүп жүргөн сизге жарашат.
8.Бирөөнүн жасаган жамандыгын, жакшылык менен кайтарууга аракеттениң.
9.Ой менен жүрөк өтө тыгыз байланышта, жүрөгүңүзгө эмнелерди орнотсоңуз, ошондой ойлор дагы орун алат.
10.Жүрөгүңүз мээримге бөлөнсүн. Бир гана жакшы нерселерди ойлонуңуз.
Ссылка: https://barometr.kg/zhaman-oj-zhandy-oorutat
Добавить комментарий ×