Жалкоо күйөөнү кантип иштетүү керек?

2 сентябрь 2021 17:35 4550 5 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Жолдошум диванга жатып керели кечке телевизор тиктеп ар түрдүү берүүлөрдү, сериалдарды көрө берет. Анан баары аз келгенсип Пабджи ойнойт”,-дейт Алия.

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз. Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

Бул жолу Алия (аты өзгөртүлдү) аттуу окурмандан төмөнкү маанидеги кат келди.  

“Мен сиздердин рубриканы окугандан кийин өзүмдүн ойлонткон жагдайды билдирип кеңеш сурайын дедим. Менин маселем- жолдошум такыр иштебейт. Ортодо бир уулубуз бар. Өзүм реализатор болуп иштеп, үйдүн тамак-ашын, баламдын кийим-кечесин, батир акысын каржылайм. Жолдошум убактылуу жумушка барса дагы башкалар менен тил табыша албай кайра чыгып келе берет, анан диванга жатып керели кечке телевизор тиктеп ар түрдүү берүүлөрдү, сериалдарды көрө берет. Анан баары аз келгенсип Пабджи ойнойт. Досторуна кошулуп күнү-түнү жоголуп пиво ичип келет. Бир нерсе деп урушсам “сүйүктүүм, алтыным, сен укмуш, сендей аял жок, өзүң көрүп жатпайсыңбы азыр эч жерде жумуш жок, болгондо иштейм” деп алдап коет.Жашаганыбызга беш жыл болду, жарытылуу акча таап бир көйнөк же бир помада алып бере элек.Өзүмдүн ата-энем Караколдо жашайт, жакшы турушат. Аларга “күйөө балаңар алып берди”,- деп өз акчама алган кийим кечемди көрсөтүп, “күйөө балаңар алып берди”,- деп өз акчама алган белегимди көтөрүп алып барып учурашып келип турам. Акыркы учурда ушундай жалганчы, эки жүздүү жашоодон, жалкоо күйөөмдөн тажап кеттим.Бир сиңдим бар ага “ажырашам”,- деп айтсам “жездем урбаса, урушуп талашпасаңар, уулуңду атасыз калтырба, ажырашпа, бир күнү жалкоолугун таштап иштеп кетет”,- деп кеңеш берет.Кандай кылышты билбей жүрөм. Жалкоо күйөөнү кантип иштетүү керек?”,-деп кайрылды Алия.

Бул тууралуу сиздин пикириңиз кандай урматтуу окурман? Алия бул жагдайда эмне кылышы керек деген ойдосуз? Өз кеп-кеңешиңизди бериңиз? Жалкоо адамды кантип тарбиялаш керек?

Ссылка: https://barometr.kg/zhalkoo-kjn-kantip-ishtet-kerek



Добавить комментарий