Жалал-Абадда жоголуп жаткан өспүрүм Оштон табылды
Жалал-Абадда жоголуп кеткен өспүрүм Оштон табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 8-декабрь күнү түнкү саат саат 00:35 чамасында Ош шаарынын Салиев көчөсүндө 2007-жылы туулган А.С.,аттуу жаш бала адашып жүргөн жеринен табылган.
“Адашып келген баланын өздүгүн аныктоо үчүн, жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде баланын өздүгү аныкталып, ал Жалал-Абад облусунун тургуну экендиги аныкталып, мыйзамдуу өкүлүнө өткөрүлүп берилди. Бул бала буга чейин да үйүнөн чыгып кетип жакындары издөөгө мажбур болгон болчу.
Тактап айтканда, 2022-жылдын 14-июнь күнү Ош ШИИБдин Ак-Буура милициянын аймктык бөлүмчөсунүн кызматкерлери тарабынан Ош ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна түнкү саат 01:00 чамасында Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунунда көчөдө адашып, жанында ата энеси жок, көзөмөлсүз жүргөн жеринен өздүгүн тактап, мыйзамдуу өкүлүнө кошуп берүү үчүн алынып келинген жана ошол учурда апасы Р.С., Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө арыз менен кайрылып, арызында баласы А.С., 2022-жылдын 3-июнь күнү болжол менен саат 10:30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барбагандыгын билдирип, уулун жүргөн жерин аныктап таап берүүнү суранган. Ошол учурда дагы Ош ОИИБдин КККнын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери тарабынан мыйзамдуу өкүлүнө тапшырылган болчу”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-zhogolup-zhatkan-sprm-oshton-tabyldy
Добавить комментарий ×