Жалал-Абадда мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп өспүрүм кыз изделүүдө

29 февраль 2024 16:42 1927 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абадда 14 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

 Маалым болгондой, Жалал-Абад шаарынын 2010-жылы туулган Орозмаматова Айбийке аттуу тургуну 2024-жылдын 26-февраль күнү саат 12:10 чамасында Спутник кичи районунда жайгашкан №9 Р.Санатбаев атындагы мектептен окуудан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

“Учурда Орозмаматова Айбийке Расуловнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт”, -деп айтылат маалыматта. 

Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 см, кашы, көзү, чачы кара узун, ак жүздүү, орто дене түзүлүштө.

 Кийген кийимдери: Кара түстөгү куртка, кара түстөгү юбка, кара түстөгү бут кийим болгон.

 Дайынсыз болуп жаткан Орозмаматова Айбийке тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү кабарлап коюшуңуздарды милиция суранат.

Тел.: 102, (03722) 5-28-31, 0553 78 00 78,  0771 93 60 70.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-ch-kndn-beri-mektepten-chygyp-ketken-bojdon-dajynsyz-bolup-sprm-kyz-izdeld



Добавить комментарий