Жалал-Абадда жер титирөө болду

23 сентябрь 2021 09:47 1476 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 22-сентябрда саат 22:07де Жалал-Абад областында силкинүү күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.Бул тууралуу КРнын сейсмология институту берген маалыматка таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Токтогул районунун Күл жана Алмалуу айылдарында жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга, Ак-Тектир, Кырк-Казык, Кара-Күңгөй жана Чоң-Арык айылдарында үч баллга чейин сезилди.

Жаракат алгандар жана курмандыктар жок.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-zher-titir-boldu



Добавить комментарий