Жалал-Абадда жаранды аёсуз сабап качып кеткенге шектелип, мурда соттолгон киши кармалды

28 март 2023 09:39 588 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абадда мурда бир нече жолу соттолгон жаран кайрадан айылдашын сабоого шектелип  кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, милициягы А.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 21-февраль күнү саат 21:30 чамасында Сузак районунун аймагынан өткөн Ош-Бишкек автожолундагы айлампада “Эдик” аттуу адам шериктери менен бети-башына уруп денесине жараат келтиргендигин билдирген.

“Бул факты Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен КБРге катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну, 1988-ж.т. С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-zharandy-ayosuz-sabap-kachyp-ketkenge-shektelip-murda-sottolgon-kishi-karmaldy



Добавить комментарий