Шашылыш билдирүү! Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларына кар көчкү түшөт

2 февраль 2024 12:14 1373 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шашылыш билдирүү! Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында кар көчкү күтүлөрүн эскертти. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-февралынан 4-февралына чейин кар көчкү журүү коркунучу бар.

«Метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана  Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда,198-260-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот», -деп айтылат маалыматта. 

АЙДООЧУЛАРДЫН ЭСИНЕ!

Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алыңыздар.

Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Эгер сиз кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.


Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-t-ashuu-ala-bel-ashuularyna-kar-kchk-tsht



Добавить комментарий