Кыргызстанда күчү 3 баллдан ашкан эки жолу жер титиреди
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-апрель күнү саат 17:50дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Базар-Коргон районунун Беш-Бадам, Кыргыз-Гава айылдарында, Сузак районунун Соку-Таш айылында-3 балл, Сузак районунун Ак-Тоок, Кара-Март айылдарында, Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь, Карача, Советское, Гөлөгөн, Чкалов айылдарында, Ноокен районунун Тоскоол айылында-2,5 баллга чейин сезилген.
22-апрель күнү саат 05:24тө Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдарында – 3,5 балл, Жаш-Тилек, Чак, Кара-Шыбак, Кулчу айылдарында 3 балл, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-kch-3-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy
Добавить комментарий ×