Жалал-Абадда үйүнөн качып, ар жерде түнөп жүргөн өспүрүм кыздар аныкталды

14 декабрь 2022 11:27 650 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абадда үйлөрүнөн качып, ар жерлерде түнөп жүргөн өспүрүм кыздар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 2 айдан бери көчөлөп, ар кандай түнөк жайларда жашап күн өткөрүп жүргөн 3 өспүрүм кыздар аныкталган. 

“Кыздар Сузак, Ноокен, Тогуз-Торо райондорунан Жалал-Абад шаарына келишкен 2004-ж.т. И.А., Ж.А. жана 2006-ж.т. Ж.А. экендиктери такталган. Алар үйлөрүнөн бир нече жолу качып, жеӊил жашоого көнүп алышкандыгы, турмуш-шарты жакшы үй-бүлөнүн кыздары экендиги белгилүү болгон.

Кыздардын ата-энелери милицияга чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан ары аларды катуу көзөмөлгө алуу керектиги эскертилди. Кыздар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү башка аймактардан келген өспүрүмдөрдүн ата-энелерине эскертет. Билим алууга келген кыздарыӊыздарды көзөмөлдөп, шаар ичинде эмне менен алек болуп жаткандыгынан, алардын жашаган жерлеринен жана окуу жайларынан кабар алып туруӊуздар. Эгерде балдарыӊыздар окуган же жашаган жеринде жок болуп, дайынсыз жүргөн болсо тезинен милицияга кайрылыӊыздар”, -деп жазылат билдирүүдө.



Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-jnn-kachyp-ar-zherde-tnp-zhrgn-sprm-kyzdar-anyktaldy



Добавить комментарий