Жалал-Абадда ири суммадагы уурулукка шектелип 47 жаштагы жаран кармалды

29 сентябрь 2020 16:24 526 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ири суммадагы уурулукка шектүү делип издөөдө жүргөн жаран Жалал-Абаддан кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 52 жаштагы М.Д. арыз менен кайрылып, 2020-жылдын январь айынын башында Жалал-Абад шаарындагы үйүнө белгисиз кылмышкерлер эч ким жоктугунан пайдаланып, үй ичине мыйзамсыз кирип, ага таандык болгон алтын, акча жана үй буюмдарын уурдап кетишкендигин билдирип, жалпы келтирилген чыгым 300 000 сомго жакын экендигин көрсөткөн.

Ал эми 14-январда аталган арыз боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция тарабынан аталган кылмыштын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү Сузак районунун 1973-ж.т. тургуну М.А. экендиги аныкталган. 16-июнда Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы тарабынан шектүүнүн бөгөт коюу чарасы кармалган жеринен камакка алуу токтому кабыл алынып, издөө иши ачылган.

 25-сентябрда издөөдө жүргөн Сузак районунун тургуну 1973-ж.т. М.А. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып, Жалал- Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-iri-summadagy-uurulukka-shektelip-47-zhashtagy-zharan-karmaldy



Добавить комментарий