Жалал-Абадда жылаңач сүрөтүн интернетке таратам деп коркутуп акча талап кылган аялдар кармалды
“Жылаңач түшкөн сүрөттөрүңү интернетке таратам” деп шантаж кылып, опузалагандар кармалды. Бул тууралуу Жала-Абад ОИИБдин маалымаиына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Жалал-Абад ОИИБге Сузак районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган.
“ Ал өзүнүн арызында 2022-жылдын декабрь айынын ортолорунда Жалал-Абад шаарында такси кылып жүрүп, аял киши менен таанышкандыгын, ал менен социалдык тармакта сүйлөшүп жүргөндүгүн билдирген. Бул учурда аял киши “Жылаңач сүрөтүңүздү жөнөтүңүз” деп сактап алып, кийин “Жылаңач түшкөн сүрөттөрүңү интернетке таратам” деп коркутуп, акча талап кылып жүргөн. Аял киши өзүнүн дагы бир шериги менен акча талап кылуусун токтотпой, кийим-кече, үй-тиричилик буюмдарын алдырып, карыздарын төлөтүп, жалпы суммасы 187 000 сом акчасын коркутуп алышкан. Алар азыркы учурда дагы токтоп калбастан коркутуп, акча талап кылып жатканын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
10-февралда бул факты Жалал-Абад ОИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектелип Сузак районунун Сузак айыл аймагынын тургуну 1983-ж.т. М.Н. жана Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичи районунун тургуну 1987-ж.т. Р.М. кармалган. Алардан опузалап талап кылган 15 000 сом акча жана “WhatsApp” социалдык тармагында жазылган видео, аудио жана текст жазуулары алынган.
Мындан сырткары тергөөнүн жүрүшүндө ыплас кылмыш ишине Сузак айылдык кеңешинин депутаты 1980-ж.т. А.А. жана Сузак районунун Сузак айыл аймагынын тургуну 1990-ж.т. А.Б. шериктеш болуп жүрүшкөндүгү такталган.
Жалал-Абад облустук милициясы жогорудагы кылмыш ишине шектүүлөрдөн жабыр тарткандарды (03722) 5 15 12 номерине кайрылышса болоорун эскертет”, -деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Добавить комментарий ×