Жалал-Абадда досунун үйлөнүү тойунда ок чыгарган жаран кармалды
Жалал-Абадда той учурунда асманга ок аткан жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 19-февраль күнү той учурунда жүрүп бара жаткан “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнөн белгисиз жаран ок атуучу куралдан ок чыгыргандыгы боюнча видео социалдык тармактарга тараган.
“Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган.
Жалал-Абад ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ок аткан жаран Жалал-Абад шаарынын тургуну 1995-ж.т. М.А. экендиги ошол эле күнү такталып, саат 14:00 чамасында милиция бөлүмүнө алып келинген. Ал Сузак районунун Октябрь айылында тойдо жүрүп, “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнөн өзүнө таандык “Сайга МК-01” ок атуучу куралынан 10 даана асманга ок чыгаргандыгы белгилүү болгон.
Азыркы учурда ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, бул жорукка юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүрүп жатат”, -деп пйтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-dosunun-jln-toyuunda-ok-chygargan-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×