Жалал-Абадда 5, Баткенде 2,5 баллдык жер титиреди

30 март 2020 09:02 1607 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-март күнү саат 10:51де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.  Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Беш-Бадам, Кызыл-Гава айылдарында 5 балл, Базар-Коргон, Масы, Үч-Булак, Кызыл-Октябрь айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында 3,5  баллга чейин сезилген.  Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-март күнү саат 16:04тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Шахимардан айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-batkende-zher-titiredi



Добавить комментарий