Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги областка эмгеги сиңген айымдарды куттуктады
Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги областка эмгеги сиңген айымдарды куттуктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.
Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги 8-март – айымдардын эл аралык күнүнө карата областтык мекеме-ишканаларда көп жылдан бери иштеп, эмгеги сиңген жана милиция менен тыгыз кызматташып, маалыматтык колдоо көрсөтүп келген айымдарды куттуктады.
Айымдардын майрамы менен Жалал-Абад ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов куттуктап, алардын иштерине ийгиликтерди каалады. Энелердин бул жашоодо орду толгус экендиги майрамдык жолугушууда белгиленди.
Жумушунан сырткары үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүп, балдарына татыктуу тарбия берүү менен дагы чоң жоопкерчиликти аткарып жатышкандыгы айтылды. Аялдардын эч качан көз жашы төгүлбөй, уул-кыздарынын сый-урматын көрүүсүн тилеген жетекчи айымдарга арналган атайын белектерин тапшырып, ардак грамоталар ыйгарылды.
Өз кезегиндео областтык милиция тарабынан белек алып, жылуу сөз угушкан айымдар ыраазычылыктарын билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-oiibnin-zhetekchiligi-oblastka-emgegi-sigen-ajymdardy-kuttuktady
Добавить комментарий ×