Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди
Бөлүшүү:
Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-март күнү, саат 19:52 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө облустун Аксы районунун Кашка-Суу, Жаңы-Айыл айылдарында 3 балл, Кербен шаарында жана Ак-Там айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-oblksunun-ajmagynda-zher-titiredi
Добавить комментарий ×