Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

6 марта 2023 12:43 768 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-март күнү, саат 19:52 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө облустун Аксы районунун Кашка-Суу, Жаңы-Айыл айылдарында 3 балл, Кербен шаарында жана Ак-Там айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.



Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-oblksunun-ajmagynda-zher-titiredi



Добавить комментарий