Жалал-Абадда селдин алдын алуу иштери жүрүүдө

2 март 2020 14:17 844 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы сел, суу ташкындарынан, жер көчкү жана сел кырсыктарынан алдын алуу максатында  облус аймагында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусу өлкөбүздүн эң көп табийгый өзгөчө кырдаалдар катталган облустардын катарына кирет. 

2020-жылдын “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чарасынын мерчемине жалпы 76 объект бекитилген, анын ичинен 6 объекетиде жумуш жүргүзүлүп, 4 объектиде жумуш аяктап, 2 объектиде жумуш улантылууда.  

Маселен, Сузак районунун Сузак айыл аймагынын Мамараим сел каналын 400 метр, Сузак айыл аймагынын Достук айылындагы сел каналын 500 метр жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон а/а Жети-Кошкон сел арыгын 1360 метр аралыгынын тазалоо жумуштары аяктады.

Ошондой эле, Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын Ширин айылында Көк-Арт дарыясынын 700 метр аралыгын нугун буруу жумуштары аяктады. 

Бүгүнкү күндө, Сузак районунун Кара-Дарыя а/а Питомник тилкесиндеги  Кара-Дарыя дарыясынын жээгин бекемдөө жана Кызыл-Туу а/а Таштак айылы Ачы-Сай сайынын нугун тазалоо жумуштары башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-ajmagynda-seldin-aldyn-aluu-ishteri-zhrd



Добавить комментарий