Жалал-Абадда тоноого шектүү топ кармалды (Сүрөт)
Жалал-Абад шаардык милициясы тоноо иштери менен алектенген кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 19-августта саат 10:00 чамасында Жалал- Абад шаарындагы көчөлөрдүн биринен өзүнө бейтааныш болгон төрт бала Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаага салышып, белгисиз жайга алып барып, тапанча такап коркутуп, эки даана кол телефонун тартып алып коюшкандыгын билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 45 миң сомдон ашык акчаны түзгөн. Жогоруда аталган кылмыш окуясы боюнча топтолгон материал Жалал- Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүүлөрдү аныктап, тергөөгө камсыз кылуу боюнча оперативдик кызматтарга атайын тергөө тапшырмасы берилген.
Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү жарандар кармалышты.Шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, алар Сузак районунун тургундары 1992-ж.т. Т.У. жана К.С., Жалал-Абад шаарынын 1994-ж.т. тургуну П.М. болуп чыгышты. Аталган жарандардын мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганы аныкталып, далил буюм зат катары бир даана пистолет жана 2 даана кол телефон алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кармалган шектүү жарандар Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда алардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип, тергөө-ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/zhala-abadda-tonoogo-shekt-top-karmaldy-srt
Добавить комментарий ×