Жакырчылыкка алып келе турган үнөмчүлдүк деген кандай болот?

21 ноябрь 2022 13:20 3791 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Үнөмчүлдүк жана экономия боюнча көптөгөн карама-каршы көз караштар бар. Кимдир бирөөлөр акчаны аябай коротуу керек деп эсептешет. Башкалар ар бир кадамын эсепке алып, акчасын санап үнөмдөп жатабыз дейт. 

Албетте баардык нерседе орток абалдын болгону жакшы.Ар бир адамдын өзүнүн приоритети бар экени дагы анык. Бүгүн barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен кайсыл учур туура эмес үнөмчүлдүк  болуп эсептелери тууралуу сунуштайт.

1)Үнөмдөп жатып убакыттан уттурсаңыз  

Бир күн убактыңызды кетирип, беш дүкөн, эки базарга барып бирок картошканын бир килограммын беш сомго арзан алсаңыз бул үнөмчүлдүк деп эсептелбейт.Бирок ушул күндө адам акча таап же болбосо жакшы эс алып алса ден соолугуна же капчыгына пайда болмок.

2) Сапатсыз арзан товар алсаңыз

Арзан бирок анча жакшы эмес, иштебей калган, колдонуудан бат эле чыккан товар алсаңыз бул дагы үнөмдөө деп эсептелбейт.

Арзан тамак-аштан ден соолугуңуз бузулат, соңунда дарыгерге кайрыласыз. Арзан буюмуңуз бат сынат, соңунда кайра аны оңдотууга же сатып алууга акча жумшайсыз.Кийим дагы эле ушундай көрүнүштө.

3) Жакырчылыкка биротоло берилип кетсеңиз

Эгерде адам дайыма арзан товар сатып алса, айланасын арзан гана нерселер курчап турса, күн өткөн сайын өзүнө кедейчиликтин программасын киргизип бекемдей берет жана жашоосу ушундай деп үнөмчүлдүккө биротоло бекип калат.

4) Үнөмчүлдүк бүгүнкү менен жашабай эртеңки менен жашагандын белгиси  

Адам өзүнө кубаныч тартуулай албай катуу эле сарамжалдап үнөмдөй берсе анын чыныгы жашоосу башталбай эле, жашоонун ырахатын көрбөй жүрө берет.Жашоосун “черновиктей” эле жашап өтөт, мунун өзү үнөмчүлдүк эмес.

5) Катуу экономдойм деп катуу жоготсоңуз  

Адам дайыма өзүнө жакшы нерсе ыраа көрбөй үнөмдөй бергени менен анын жан дүйнөсү компенсация күтүп, эс алууну каалайт.

Мындай учурда адам бир маалда эле күтпөгөн жерден акчасын коротуп салат же кайсы бир кырсыкка кабылат. Топтогон жыйнаган нерсеси ошентип бир учурда жок болот.

Мындан улам үнөмчүлдүк жакшы бирок туура үнөмдөө баарынан жакшы демекчибиз.Жагдайды карап ресурстарыңызды туура эсептөө гана каржыңызга тең салмак алып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/zhakyrchylykka-alyp-kele-turgan-nmchldk-degen-kandaj-bolot



Добавить комментарий