Жакында дүйнөдө абанын температурасы чегине жетет
Жер жакынкы беш жылда температуранын чегине жетет деп болжолдонуп жатат. Бул тууралуу Улуу Британиянын метеорологиялык кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
“Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун (WMO) адистери глобалдык температуранын БУУнун 1,5 ° C чегинен ашып кетсе, кооптуу 1,5 ° C жогорулашы беш жылдын ичинде эле болушу мүмкүн деп эскертишүүдө.
Жылдык температуранын көтөрүлүшү 2015-жылы Париж келишиминде белгиленген деңгээлден ашып кетишине 40 пайыздык болжол бар экени белгиленди. Париж келишиминин негизги максаты - бул кылымдагы температуранын 2 ° C чегинде өсүшүн сактап калуу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы глобалдык чараларды күчөтүү жана аны 1,5 ° C чейин төмөндөтүүгө аракет кылуу.
Отчетто 2021-2025-жылдар аралыгында, жок эле дегенде, бир жыл 2016-жылдын рекорддук температурасынан ашып, эң ысык жыл болот деген 90 пайыздык мүмкүндүк бар экендиги эскертилген”,- деп айтылат маалыматта.
"Бул парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтуу боюнча дүйнө өз милдеттенмелерин тездетиши керек деген дагы бир ойготкуч", - деди Дүйнөлүк Соода Уюмунун Башкы катчысы профессор Петтери Таалас.
Ошондой эле, ал, температуранын 1,5 ° Сден жогору көтөрүлүшү ысыктын көбөйүшүнө, жаан-чачындын көп болушуна, суунун тартыштыгына жана кургакчылыкка, ири экономикалык жоготууларга жана түшүмдүүлүктүн төмөндөшүнө, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө жана коралл рифтеринин жок болушуна алып келерин баса белгиледи.
Эске салсак, 2020-жылы глобалдык орточо температура индустрияга чейинки деңгээлден 1,2 ° С жогору болуп, аны метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы эң ысык жылга айландырган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhakynda-djn-temperaturasy-chegine-zhetet
Добавить комментарий ×