Дүйнөдөгү эң бактылуу жана эң бактысыз мамлекеттердин тизмеси жарыяланды

6 март 2024 16:15 1570 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эң бактылуу жана эң бактысыз өлкөлөрдүн дүйнөлүк рейтинги жарыяланды. Бул тууралуу Time Out басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Пандемия, биздин баарлашуубузга, жумушубуздун жүрүшүнө жана саякатоого таасирин тийгизди. Бирок, бул биздин психикалык ден соолугубузга абдан маанилүү жана узакка созулган таасирлери бар экени көрүнүп турат.

Global Mind долбоорунун Сапиен лабораториясы жүргүзгөн төрт жылдык жыйынтык боюнча 2020-жылкы пандемиядан бери жер жүзүндө адамдар өзүн бактысыз сезип калганы көрүнүп турат. 

Акыркы изилдөөгө 71 өлкөдөн 419 175 адам катышкан, алар анонимдүү онлайн сурамжылоого жооп беришкен. Изилдөө адамдын психикалык абалынын коэффициенттин аныктоого багытталган.

Мындан тышкары, отчетто адамдардын жашоо образы, үй-бүлө жана достор менен болгон мамиленин динамикасы жана жеке травмалары тууралуу маалымат топтолот. 
Алардын жоопторунун негизинде адамдарга белгилүү бир балл коюлуп, натыйжада бактылуу же бактысыз делген спектрге жайгаштырылды. 

Доминикан Республикасы 300 баллдан 91 балл менен биринчи орунга чыкты, андан кийин 89 балл менен Шри-Ланка жана 88 балл менен Танзания турат. 
Бирок, көрсөткүч бардык жерде анчалык жогору болгон эмес. 
Төмөндө эң бактылуу жана эң бактысыз он өлкөнүн тизмеси келтирилген. Дүйнөдөгү эң бактылуу он өлкө:  

  1. Доминика Республикасы;
  2. Шри Ланка;  
  3. Танзания; 
  4. Панама;
  5. Малайзия;  
  6. Нигерия; 
  7. Венесуэла;  
  8. Сальвадор;
  9. Коста Рика;  
  10. Уругвай.

Дүйнөдөгү эң бактысыз он өлкөнүн тизмеси: 

  1. Өзбекстан;  
  2. Улуу Британия;
  3. ТҮШТҮК АФРИКА; 
  4. Бразилия;  
  5. Тажикистан; 
  6. Австралия;  
  7. Мысыр;
  8. Ирландия; 
  9. Ирак;  
  10. Йемен. 

Белгилей кетсек, рейтингде Кыргызстан да бар.Кыргызстан Индия, Боливия жана Украинадан кийинки бактысыз өлкөлөрдүн тизмесинде 16-орунда турат. 


Ссылка: https://barometr.kg/djndg-e-baktyluu-zhana-e-baktysyz-mamleketterdin-tizmesi-zharyyalandy



Добавить комментарий