Жайыл ИИБнин башчысын орун басары жол инспекторунан 5 миң доллар пара алган
Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары инспектордон Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестиринде катталган материалды оң жагына чечип берем деп 5 миң доллар пара алмак болгон. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ал 40 миң сом параны алып жактан учурда кармалды.
“КРнын Кылмыш кодексинин “пара опузалап алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат”,-деп кабарлашты УКМКдан.
Эскерте кетсек, 15-апрелде УКМКнын кызматкери менен ИИМдин ички изилдөө кызматынын кызматкерлери Жайыл ИИБнин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басарын кармашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/zhajyl-iibnin-bashchysyn-orun-basary-zhol-inspektorunan-5-mi-dollar-para-algan
Добавить комментарий ×