Кытайда сот пара алган чиновникти өлүм жазасына тартуу чечимин кабыл алды

26 июль 2023 10:58 1165 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайда сот Ханчжоу электрондук коммерция борборунун коммунисттик партиясынын мурдагы жетекчиси Чжоу Цзяньонго пара алганы үчүн шарттуу өлүм жазасын берди. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет. 

Буга чейин, Чжоу Цзяньон алган паранын жалпы суммасы болжол менен 25 миллион долларды түзөрү маалымдалган

Тергөө чиновниктин коррупциялык схемаларга катышканын далилдей алды.  

Маалым болгондой, ал уюмдардан жана жеке адамдардан пара алып, аларга жер маселесин чечүүгө жардам берип, курулуш долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшкөн.   
Ал 2001-жылдан бери ушундай келишимдерге кол коюп келет.    
Ошол учурда ал райондук соттун башчысынын орун басары кызматында болчу. Саясатчы буга чейин, эки жылдык сыноодон өткөндөн кийин өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн деген үмүттөр ишке ашкан жок. Сот өлүм жазасына тартуу чечимин кабыл алды.    

Мындан тышкары, Чжоу Цзяньон саясий укуктардан ажыратылып, мүлкү конфискацияланат.    

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-para-algan-chinovnik-lm-zhazasyna-tartyla-turgan-boldu



Добавить комментарий