Жаан-чачынга байланыштуу көпчүлүк дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлдү
Бөлүшүү:
Республиканын аймагындагы туруксуз аба ырайына жана жаан-чачынга байланыштуу көпчүлүк дарыяларда суунун деңгээли 1-8 смге чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Республиканын аймагындагы дарыяларда жаңы декаданын нормасы менен суунун агымы, көп жылдык байкоолордун жана төмөнкү ченеминдеги агымында байкалып, 33-120%ды түздү.
Жогорку ченемдеги суунун агымы: Жети-Өгүз, Ала -Арча жана Тентек Сай дарыяларында 121-129%да байкалды.
Республиканын аймагындагы суу сактагычтарга суунун кирүүсү нормадан: Орто-Токой - 45%, Киров -9%, Токтогул - 61%ды түздү
Ссылка: https://barometr.kg/zhaan-chachynga-bajlanyshtuu-kpchlk-daryyalarda-suunun-degeeli-ktrld
Добавить комментарий ×