Жаан-чачынга байланыштуу көпчүлүк дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлдү

11 июня 2020 12:59 789 Barometr
Поделиться в:
ok

Республиканын аймагындагы туруксуз аба ырайына жана  жаан-чачынга байланыштуу көпчүлүк дарыяларда суунун деңгээли 1-8 смге чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Республиканын аймагындагы дарыяларда жаңы декаданын нормасы менен суунун агымы, көп жылдык байкоолордун жана төмөнкү ченеминдеги  агымында байкалып, 33-120%ды түздү. 

Жогорку ченемдеги  суунун агымы:  Жети-Өгүз, Ала -Арча жана Тентек Сай дарыяларында 121-129%да байкалды. 

 Республиканын аймагындагы суу сактагычтарга суунун кирүүсү нормадан: Орто-Токой - 45%, Киров -9%, Токтогул - 61%ды түздү

Ссылка: https://barometr.kg/zhaan-chachynga-bajlanyshtuu-kpchlk-daryyalarda-suunun-degeeli-ktrld



Добавить комментарий