Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өтө аз, кышында электроэнергиядан тартыштык жаралат

18 август 2020 10:39 1563 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2,4 миллиард куб метрди түздү. Бул өткөн жылдын 1-августуна салыштырмалуу 2,4 миллиард куб метрге аз. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетовдун берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Ушул жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиянын көлөмү азайды.

Январь-июль айларында 9 миллиард киловатт-саат энергия өндүрүлдү.

"Бул былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 102,8 миллион киловатт-саатка азыраак", — деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-toktogul-suu-saktagychy-elektr-energiya-menen-lkn-toluk-kamsyzdaj-albaj-kalyshy-mmkn



Добавить комментарий