Жээнбеков: "Мөңгүлөр ээрибей жатканынан улам Токтогул суу сактагычында суу аз"

1 август 2020 15:45 12004 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 1-августта, "Биринчи радионун" түз эфиринде президенти Сооронбай Жээнбеков Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгону менен, кыш мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүккө учурабайт деп ишендирди.

Эгерде кыш мезгилинде электр энергиясына тартыштык жаралса, коңшу өлкөлөрдөн аны сатып алууга болоорун айтты.

“ Былтыр тоолордо кар орто дээңгелде эле болду. Аба ырайына жараша Токтогулга келе турган суу 17 миллиарддын тегерегинде болот деген божомол болгон. Бирок, тилекке каршы, «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, жайында жамгыр жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болуп, тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогулга дагы, биздин республикадагы суу сактагычтарга дагы — эл аралык маанидеги суу сактагычтар бар: Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына суу азыраак келип калды. Айрыкча, суу июнь менен июль айларында келет. Былтыркыга караганда азыр 2 млрд 400 млн куб суу аз болуп турат. Август айын күтөлү, августтун башы кандай башталат, ошого карап, анан тиешелүү мамлекеттик органдар иш жүргүзөт. Жакшы үмүт менен жакшы тилек тилеп туралы. Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот. Эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ага чейин өзүбүздүн мүмкүнчүлүк бар. Эгерде күн жылып, ысып кетсе, мөңгү-кар бар, суунун келиши көбөйсө, сырттан электр энергиясын сатып алганга зарылдык болбойт”, - деди Жээнбеков.

Эскерте кетсек, буга чейин адистер Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү быйыл аз экенин айтышкан. 2019-жылдын 1-октябырына карата 17,2 млрд куб метрди түзгөн болсо, ушул жылдын 1-октябырына карата алдын ала божомолго ылайык суунун көлөмү 14,9 млрд куб метр болоору айтылган.


Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-mglr-eeribej-zhatkanynan-ulam-toktogul-suu-saktagychynda-suu-az



Добавить комментарий