Жөө өтмөктү тарытып, чыгып алган Чүй проспектисиндеги “Ожак Кебап” кафеси бузулууда

24 октябрь 2023 15:23 505 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Ожак Кебап» кафесинин кошумча курулушу буздурулууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүндө жайгашкан кафе жөө өтмөктү тарытып, кошумча курулуш жасап алган. 

“Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Свердлов районунун прокуратурасынын буйругу менен Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин 2023-жылдын 8-августундагы комиссиясынын чечими менен ижара келишими бузган. Жеринде мэрдин орун  Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Чүй проспектиси 76в дарегинде жайгашкан «Ожак Кебап» кафесинин кеңейтилген кошумча курулушу буздурулууда.  

Башкармалыктын кызматкерлери жеринде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, «Бишкекжарык»   жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

Иштин жүрүшүндө жеңил конструкциялардан жасалган кошумча курулуш бузулуп, 0,02799 га түзгөн муниципалдык аймак бошотулуда.

Буга чейин, 2023-жылдын 22-августунда Башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу жөнүндө билдирүүлөр берилген”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/zh-tmkt-tarytyp-chygyp-algan-bishkektin-chj-prospektisindegi-ozhak-kebap-kafesinin-koshumcha-kurulushu-buzuluuda



Добавить комментарий