Автобустун контролеруна кол салган жүргүнчүгө айып салынды

6 февраль 2024 14:12 2023 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Автобустун контролеруна кол салган жүргүнчүгө айып салынды. Бул тууралуу мэриянын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Буга чейин, №226 автобустук каттамдагы текшерүүнүн жыйынтыгында жеке эсептик картаны мыйзамсыз колдонуу фактылары аныкталган. 

Картаны конфискациялоо чечими чыккандан кийин жүргүнчү контролерго кол салууга аракет кылып, иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

“Укук коргоо органдарынын ыкчам аракеттеринин аркасында мыйзам бузуучу кармалды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаран Л.К.Ю. Свердлов райондук сотунун чечими менен административдик жоопкерчиликке тартылып КР Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесине ылайык 5500 сом айып салынды”, -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кире үчүн накталай эмес төлөм системасы иштейт. Жол кире кымбатташы менен контролерлор жол кире акысын төлөбөгөндөрдү аныктоо иштерин баштады.

Картаны башка адамдарга өткөрүп берүүгө жана башка бирөөнүн жеке картасын колдонууга тыюу салынат. Бишкек шаарынын аймагындагы автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерине ылайык, контролерлор жүргүнчүлөрдөн транспорттук карталарды уруксатсыз пайдаланган учурда алып коюуга укуктуу.

Мэрия  борбор калаанын тургундары жана конокторунаг коомдук транспортту колдонуу эрежелерин сактоону, ошондой эле коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу үчүн инспекторлор менен кызматташууну суранды.

Ссылка: https://barometr.kg/avtobustun-kontroleruna-kol-salgan-zhrgnchg-ajyp-salyndy



Добавить комментарий