Бала бакчанын жерин сатып жиберген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

12 март 2024 13:00 1304 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бала бакчанын жерин мыйзамсыз менчиктештирген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Сузак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы токтому менен «Шумкар» бала бакчасынын аймагындагы 0,10 гектар жер катардагы жаранга жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп берилгендиги аныкталган.

“Ошондой эле, жогорудагы айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Жер ресурстары кызматынын Сузак бөлүмү тарабынан бул жер тилкеге мыйзамсыз түрдө мамлекеттик акт берилген.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Сузак РИИБне тапшырылды, ал эми жеке менчикке укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу боюнча сотко доо арыз келтирилди”, -деп айтылат маалыматта. 





Ссылка: https://barometr.kg/bala-bakchanyn-zherin-myjzamsyz-menchikteshtirgen-kyzmat-adamdaryna-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий