Кыргызстандык спортсмен Москвада баланы уурдай качкандарды кармап калды. Бирок тамаша тор экен (видео)

8 сентябрь 2020 15:29 1650 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын жеңил атлетика курама командасынын мурунку мүчөсү Азамат Нуржанов Москва шаарында блогер Михаил Литвиндин тамаша торуна түштү. Бул тууралуу блогердин соц тармакка жарыялаган маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

 Кыргызстандык спортчу блогер Михаил Литвиндин пранкына өтүп бара жатып эле капыстан кабылып калган.

Тамаша тордо Литвин документтерди алып келе калгыча бала менен чогуу туруп турууну Азамат Нуржановдон суранган. Ал блогерге шашып жатам деп жооп берип, бирок андан кийин ага жардам берүүгө макул болгон. Көп өтпөй белгисиз эки адам унааны токтото калып, баланы уурдап кетүүгө аракет кылышкан. Бул учурда мекендешибиз "уурдагандар" менен күрөшүп, жада калса бет талаштыра тээп жибере жаздаган. Кылмышкердин образын жараткандардын биринин курткасын айрып салган учурда тамаша тор токтотулган.

Бул видеонун алдына соц тармак колдонуучулары мигранттарга болгон мамилени жакшыртыш керек, карагылачы ал кайсыл улут экенине карабай баланы сактап калгысы келди деген билдирүүлөрдү калтырышты.

“Бул бала бар күчү менен күрөшту азамат. Ушундай балдар мыкты деген сөзгө татыктуу”, - деген билдирүүлөрдүн саны арбын.

Азамат Нуржанов 2019-жылы Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү болгон. Учурда ал Москвада иштеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/zh-klk-azamat-nurzhanov-moskvada-balany-uurdaj-kachkandardy-karmap-kaldy-birok-tamasha-tor-eken-video



Добавить комментарий