Өзгөндөгү каналдан белгисиз эркектин сөөгү табылды
Бөлүшүү:
Ош областынын Кара-Суу районундагы Өзгөн каналынын суу бөлүштүрүүчү жайында белгисиз эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
“Окуя болгон жерге барган куткаруучулар сөөктү алып чыгышып, аны милиция кызматкерлерине беришти”,-деп маалымдашты ведомстводон.
Бул факты боюнча териштирүү иштери башталды. Эркектин өздүгүн тактоо жана анын өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча экспертиза дайындалды.
Ссылка: https://barometr.kg/zgndg-kanalda-belgisiz-erkektin-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×