Өзгөндө кызын 30 миң сомго сатмак болгон 22 жаштагы жигит кармалды

19 июль 2019 14:26 1281 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөн шаарынын 22 жаштагы тургуну өзүнүн кызын сатууга аракет кылып жатканда кармалды. Бул маалыматты Ош шаардык эмгек жана социалдык өнгүү бакшармалыгынан тастыкташты. 

Ымыркайды сатуу аракети 15-июлда катталган. Эркек киши өзүнүн кызын 30 миң сомго сатмакчы болгон. Ал учурда кармалды.Ош шаардык соту тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырып, өзгөндүктү эки айга камакта калтырды.

Кыз Ош шаардындагы реаблитациялык борборлордун бирине жеткирилди. Ал 25-июнда эле төрөлгөнүнө карабай жарандык никеде жашаган ата-энеси эч кандай документ алышкан эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-kyzyn-30-mi-somgo-satmak-bolgon-22-zhashtagy-zhigit-karmaldy



Добавить комментарий