Өзгөндө 13 жаштагы өспүрүм Диана Маматкалилова дайынсыз болуп изделүүдө
Өзгөндө 13 жашар өспүрүм кыз дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу ОШ ОИИБдин мвалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 2-ноябрь күнү Өзгөн районунун Куршаб айылынын Парпиев көчөсүнүн № 6 үйүнүн тургуну, 37 жаштагы К.Ж арыз менен кайрылып, анда 2022-жылдын 29-октябрь күнү, кызы 13 жаштагы кызы Маматкалилова Диана Бакытбековна Өзгөн шаарынын борбордук базарына соода кылуу үчүн келип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 2022-жылдын 2-ноябрында Өзгөн РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Кийген кийимдери: үстүндө кара көк түстөгү жеңи жок кемсел, ичинде ак түстөгү спорттук кийим, астында кара көк түстөгү спорттук шым, бутунда ак түстөгү бут кийим (красовка).
Өзгөчө белгилери: бою 155-160 см., дене түзүлүшү арыкчырай, ак жүздү, чачы кара түстө, узундугу 35-40 см., кашы-көзү кара, бетинин оң жагында кичине калы бар.
Урматтуу мекендештер! 13 жаштагы Маматкалилова Диана Бакытбековна тууралуу кандайдыр-бир маалымат болсо төмөнкү телефондорго кабарлап коюшунуздарды милиция суранат.
Тел.: 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 33 43 23, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93.
Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-13-zhashtagy-sprm-diana-mamatkalilova-dajynsyz-bolup-izdeld
Добавить комментарий ×