Өзгөндө 13 жаштагы өспүрүм Диана Маматкалилова дайынсыз болуп изделүүдө

4 ноября 2022 12:50 1353 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөндө 13 жашар өспүрүм кыз дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу ОШ ОИИБдин мвалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 2-ноябрь күнү  Өзгөн районунун Куршаб айылынын Парпиев көчөсүнүн № 6 үйүнүн тургуну, 37 жаштагы К.Ж арыз менен кайрылып, анда 2022-жылдын 29-октябрь күнү, кызы 13 жаштагы кызы Маматкалилова Диана Бакытбековна Өзгөн шаарынын борбордук базарына соода кылуу үчүн келип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 2022-жылдын 2-ноябрында Өзгөн РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Кийген кийимдери: үстүндө кара көк түстөгү жеңи жок кемсел, ичинде ак түстөгү      спорттук кийим, астында кара көк түстөгү спорттук шым, бутунда ак түстөгү бут кийим (красовка).

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 см., дене түзүлүшү арыкчырай, ак жүздү, чачы кара түстө, узундугу 35-40 см., кашы-көзү кара, бетинин оң жагында кичине калы бар.

Урматтуу мекендештер! 13 жаштагы Маматкалилова Диана Бакытбековна тууралуу кандайдыр-бир маалымат болсо төмөнкү телефондорго кабарлап коюшунуздарды милиция суранат.

Тел.: 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 33 43 23, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93.                                                                                                                              


Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-13-zhashtagy-sprm-diana-mamatkalilova-dajynsyz-bolup-izdeld



Добавить комментарий