Өзгөчө кырдаалдар маалында аймактарга азык-түлүк ташууда тоскоолдуктар болбойт
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 22-марттан тарта бир айга киргизилген өзгөчө кырдаалдар учурунда Кыргызстандын аймактарына тамак-аш ташууда тоскоолдуктар болбой турганын билдирди.
“Мамлекеттик органдар, бизнес чөйрөсү, экономикалык иштер менен алектенгендерге аймактарга тамак-ашты ташууда эч кандай тыюу болбойт. Булар буга чейин кандай иштеп келген болсо максималдуу түрдө ошого жакын шарт түзүлүп берилет”, — деди ал.
Боронов андан сырткары элди өтө зарыл болбогон шартта бир шаардан экинчи шаарга каттабоого чакырды.
“Карантин киргенден кийин элдин бир жерден экинчи жерге барышы кыскартылат. Өтө муктаждыгы жок бир шаардан экинчи шаарга, же бир райондон экинчи районго барууну кыскартуу зарыл. Бизге чейин коронавирус оорусу болгон мамлекетерде элдин бири-бири менен болгон контактын азайтуу менен оорунун тарап кетиши эффективдүү чечилген. Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаал режиминде элдин мукждыгы жок башка жактарга жана эл көп чогулган аймактарга баруугсуна тыюу салынат”, — деди Боронов.
Ссылка: https://barometr.kg/zgch-kyrdaaldar-maalynda-ajmaktarga-azyk-tlk-tashuuda-toskoolduktar-bolbojt
Добавить комментарий ×