Өкмөт: Кыргызстанда буудай, кумшекер, майдын запасы жетиштүү

27 декабрь 2022 11:38 1034 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн кору жетиштүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору жетиштүү. 

 “Азык-түлүк коопсуздугу дагы мамлекеттик коопсуздуктун негизине кирет. Муну эске алуу менен азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда”, – деди Бакыт Төрөбаев.  

Ошондой эле, эгерде ун чыгаруучу комбинаттарында буудайдын кору түгөнө турган болсо, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында буудайдын кору жетиштүү экенин кошумчалады.  

Ал эми, өсүмдүк майы боюнча дагы маселе жаралбайт, матрезервде майдын кору жетиштүү. Бул боюнча май чыгаруучу заводдор менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жана аларда күн караманын кору жетиштүү.   

Мындан тышкары, кумшекер боюнча орчундуу маселе жаралбайт. Быйылкы жылга карата "Кошой" жана “Кайыңды кант” заводдору менен биргеликте 62 миң тонна кумшекер өндүрүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-buudaj-kumsheker-majdyn-zapasy-zhetisht



Добавить комментарий