Зеренин “Сүйүнчү” клиби Кыргызстандагы 2025-жылга көз чаптырат

24 сентябрь 2019 09:35 2419 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын ырчы айымы Зере Асылбек “Сүйүнчү” аттуу ыры менен кайрадан келди. Бул анын туура бир жыл мурун аябагандай жарылуу менен жарыяланган “Кыз ” аттуу ырынын дебюттуу тасмасынан кийинки чыгармасы болду.  Мында бир эле учурда бир нече персонаждар ойногон: улуу патриот, трансгендер-кыз, президент, молдо, балакай-сот, журналист.  

Ырчы айымдын айтымында сюжет  Кыргызстандагы 2025- жылга көз чаптырат. Эксперттер бул жылдары өлкөдө кризистин күч алуусун божомолдоп келишет. Бирок, бул негизги себеп эмес. Бул жерде сюжет ар тараптуу болуп,  ар кандай категориядагы адамдардын бири-бири менен талаш-тартыш, согуштары көрүнүп, күрөш бир нерсенин негизинде башталганы клиптын маңызын түзгөн.       

  “Клип жарыяланганда көп нааразычылыктар, кызуу талкуулар болоруна мен даярмын, бир гана клипте тартылган актерлор, съемкадагы группалар үчүн аябай кооптонуп жатам. Бул адамдар жөн гана проект менен иштөөгө макулдугун берген адамдар. Мен аларга абдан ыраазымын, бул адамдардын жеке коопсуздуктары боюнча кайбир кеңешимди берем”, - дейт ырчы айым Зере Асылбек.

Эске салсак, Зере Асылбектин  мындай форматтагы алгачкы клиби эмес. Мындан даана бир жыл мурун “Кыз” аттуу клиби жарыяланганда көптөгөн  позитивдуу жана негитивдүү сын-пикирлер айтылып, калк арасында бир топ талаш-тартыштар менен коштолгон.


Ссылка: https://barometr.kg/zerenin-sjnch-klibi-kyrgyzstandagy-2025-zhylga-kz-chaptyrat



Добавить комментарий