Зеленский чиновниктер үчүн ооруканалардагы VIP-палаталарды жойду
Украинанын президенти Владимир Зеленский бир дагы саясатчы, бизнесмен катардагы украиналыктар жаткан палатадан шарты жакшы жайда жатпашы керектигин айтты.
Мындай артыкчылык бир гана президент менен премьер-министрге карала турганын мамлекет башчысынын кеңсесинен билдиришти.
“Украинанын премьер-министрине VIP-палатаны жоюу боюнча бардык нормативдик актыларды иретке келтирүү тапшырмасы турат. Бизде борбордук комитеттин мүчөлөрүнө эч кандай люкс палаталар болбошу керек. Бир дагы саясатчы же бизнесмен катардагы украиналык дарыланып жаткан шарттан жогору шарт болбошу керек. Бардыгыңар 28 жылда салынган ооруканаларда, ал жакта каралган шарт, ыңгайлуулукта дарыланасыңар. Ошондо гана Швейцария же Израилге барып дарылануу мүмкүнчүлүгү жок экенин жон териңер менен сезесиңер. Бардык жаранга бирдей шарт болуш керек. Керек болсо, жогорку мамлекеттик кызматтарда отургандар — президент, премьер-министр, Жогорку Раданын төрагасына да артыкчылык берилбеш керек”, — деди Зеленский.
Ал медициналык жайлардын жетекчилерине палатаны сатып, колунда барлардан акча өндүрүүнү токтотууга чакырды.
Учурда Украина да коронавируска карата чараларды көрүп жатат. Акыркы маалымат боюнча ал жакта 200 кишиден оору аныкталып, беш киши каза болуп, бир киши айыкканы айтылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/zelenskij-chinovnikter-chn-oorukanalardagy-vip-palatalardy-zhojdu
Добавить комментарий ×