Өзбектер менен биргеликте тартылган "Делбирим" тасмасынын трейлери чыкты

21 ноябрь 2018 17:25 1965 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз жана өзбек кинематографисттери биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасынын трейлери социалдык тармакка чыкты. Аны аталган тасманын продюсери Паризат Жакыпбекова жарыялаган.

"Делбирим" тасмасы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде тартылган. Анда Ильяздын ролун өзбекстандык актёр Адиз Ражапов, Байтемирдин ролун Улугбек Кадыров жараткан. Ал эми Аселдин образын Мадина Талипбек аткарса, Кадичанын ролун актриса Элина Абай кызы аткарган.

"Делбирим" тасмасы Өзбекстанда көрсөтүлдү. Ал эми Кыргыз жергесинде тасма 5-декабрда жабык эшик артында көрсөтүлөт. Тасманын узактыгы 1 саат 40 мүнөт. Тартуу иштери Өзбекстандын Ташкент, Наманган шаарларында жана Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekter-menen-birgelikte-tartylgan-delbirim-tasmasynyn-trejleri-chykty



Добавить комментарий