Голливуд “Барби” жана “Оппенгеймер” тасмаларына “Барбигеймер” аттуу пародия тартат

7 ноябрь 2023 12:46 2374 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык режиссёр Чарльз Бэнд 2023-жылдын эң ийгиликтүү эки тасмасы  “Барби” жана “Оппенгеймер” тууралуу комедия тартат. Бул тууралуу The Hollywood Reporter маалымат агенттигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Белгилүү болгондой, “Барби” жана “Оппенгеймер” тасмалары 2,4 миллиард доллардан ашык киреше тапкан.

Ал эми, жаңы тартыла турган кино бир күндө эки тасманын чыгышына байланыштуу пайда болгон ушундай эле аталыштагы мемдин негизинде түзүлөт. 

Сюжет балдардын оюнчуктарга болгон ырайымсыз мамилесинен адамзатты жок кылуу үчүн чыныгы дүйнөгө барууну чечкен Бэмби Дж. Барбигеймер аттуу мыкты окумуштуу куурчактын айланасында өнүгөт.

"Бул маалымат 100 пайыз чындык. Бул эки тасманын "Барби" жана "Оппенгеймердин" укмуштуудай айкалышы менен көңүл ачуу мүмкүнчүлүгү", -деди тасманын режиссеру Чарльз Бэнд. 
Чарльз Бэнд журналисттерге, тасманын жаралышы Грета Гервиг жана Кристофер Нолан тарткан акыркы блокбастерлердин ийгилигинен акча табуу аракети экенин ырастады.

Тасманы Full Moon Feauter киностудиясы чыгарат жана анын бюджети бир миллион долларды түзөт.

Барбигеймерди тартуу 2024-жылга чейин башталбайт.

Белгилей кетсек, Чарльз Бэнд 2021-жылы "Эң начар режиссер" номинациясында "Алтын малина" анти-сыйлыгына көрсөтүлгөн.
Ал мындай сый-урматка өзүнүн үч тасмасы "Короназомби", "Барби и Кендра спасают Короля Тигров" и "Барби и Кендра штурмуют Зону 51" тасмалары үчүн ээ болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/gollivud-barbi-zhana-oppengejmer-tasmalaryna-barbigejmer-attuu-parodiya-tartat



Добавить комментарий